31-май:тоолорго кар жаайт, Бишкекте күн ачык

31 мая 2018 17:10 1221 Barometr
Поделиться в:
ok

Түнкүсүн тоо этектерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр болот.

Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27, Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29, Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...29,

Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 23…25 градуска чейин көтөрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/31-majtoolorgo-kar-zhaajt-bishkekte-kn-achyk



Добавить комментарий