30 жылдан бери адамдын баш мээсинде курт жашап келген

24 августа 2019 09:30 1195 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдын Цзянси провинциясынын жашоочусу 30 жылдан бери баш мээсинде 10 смлик курт менен жашап келген.

Анын башы 1989-жылы 29 жашынан бери эле ооруп келген. Ошол мезгилде алгачкы ирет талмасы кармап, карта ойноп жатканда кокусунан эле колдору, буттары титиреп, оозунан көбүк атып, эс үчүн жоготкон.

Доктурларга кайрылып, дары ичкени менен эч кандай майнап чыкпай ден соолугу начарлагандан начарлай берген.

Ушул жылдын июль айында текшерүүдөн кийин адамдын мээсинен 10 смлик курт чыккан. Кишинин мээсине операция жазалып, курт алынып салынган. Доктурлардын айтымында курт адамдын организмине булактын суусунан ичкен убакта кириши мүмкүн экенин божомолдошту.

Ссылка: https://barometr.kg/30-zhyldan-beri-adamdyn-bash-meesinde-10-smlik-kurt-zhashap-kelgen



Добавить комментарий