30 жаштагы киши мас болуп таанышынын үйүнө кирип, анын апасын зордуктоого аракет кылган

9 октября 2018 14:00 2076 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдүн Түп районунун 30 жаштагы тургуну мас болуп келип 78 жаштагы апасын зордуктоого аракыт кылган таанышын катуу сабап, натыйжада ал ооруканада көз жумган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 8-октябрда кечки саат 19:00дөр чамасында болгон.

"Мас адам таанышынын үйүнө кирип келип, анын 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган. Жүрөгү түшкөн кемпир кыйкырып, 30 жаштагы уулун жардамга чакырган. Ал таанышын короого алып чыгып сабаган. Кошуналар аймактык милицияны чакырышкан", — деди Усубакунов.

Окуя болгон жерге келген аймактык милиция жабырлануучунун коңшулары менен чогуу мушташып жаткан кишилерди ажыратып, райондук милиция менен дарыгерлерге кабар берген. Жаңжал чыгарган мас киши ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон.

Өз кезегинде кемпирдин 30 жаштагы баласы жасаганын моюндаган. Зордуктоого болгон аракет Түп райондук милициясына каттоого алынган. Ал эми сабоо боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/30-zhashtagy-kishi-mas-bolup-taanyshynyn-jn-kirip-anyn-apasyn-zorduktoogo-araket-kylgan



Добавить комментарий