30-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы мүмкүн
Поделиться в:
30-сентябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +13-18°
Талас облусунда +11-16°
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +14-20°
Ысык-Көл, Нарын облустарында +15-17°
Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +16-18° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/30-sentyabrda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhaashy-mmkn
Добавить комментарий ×