30-май: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

30 мая 2018 17:05 1166 Barometr
Поделиться в:
ok

30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24, Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус болот.

Бишкекте 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 7…9, күндүз 21…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/30-maj-mezgil-mezgili-menene-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий