Анализи таза чыкты. Жээнбеков аралыктан иштөөнү улантат
Поделиться в:
Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Буга чейин президенттин Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.
Учурда Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат.
Маалыматка ылайык, эртең президент Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Анда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
«КРнын өкмөтү жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өкмөт мүчөлөрү мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.
Добавить комментарий ×