3 жолу ажырашкан киши Бишкектен жаш кызды ала качты (Сүрөт)
Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна кызды ала качканга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет
Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
“23 жаштагы кызды Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна үйлөнүү үчүн анын каршылыгына карабай ала качып кетишкен. Тергөө учурунда эки эркек жана бир аял «Адамдын эркине карабай мажбурлап никеге тургузуу» беренеси менен шек саналып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми жабырлануучу Ысык-Көл обдусунан Бишкекке алынып келинди.
«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова буга чейин жаш кызды 7-августта бейтааныш кишилер Түп районуна ала качып кеткени тууралуу соцтармакка жазып чыккан эле.
Укук коргоочунун кызды ала качкан адам андан 16 жаш улуу, мурда үч жолу үйлөнгөн, балдары бар жаран экенин айтты. Жабырлануучу ала качкан киши менен мурда жолугушуп, сүйлөшкөн эмес экени маалым болду. Учурда жабыркаган кыз психологдун жардамына муктаж.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2013-жылда кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыз ала качкан адам 5-7 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ссылка: https://barometr.kg/3-zholu-azhyrashkan-kishi-bishkekten-ysyk-klg-23-zhashtagy-kyzdy-ala-kachty-srt
Добавить комментарий ×