29-31-октябрларда жана 2-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба-ырайы

28 октябрь 2019 18:08 3363 Barometr
Бөлүшүү:
ok

29-октябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын  тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-октябрда күндүз жана 30-октябрда түнкүсүн   жаан-чачын күтүлбөйт.

 30-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган облустарда  жаан-чачын күтүлбөйт.

31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-октябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 

1-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-ноябрда күндүз жана 2-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

 2-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарыныны кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.  

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9  метрге жетет.

3-ноябрда кээ бир райондордо, 4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын  жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/29-31-oktyabrlarda-zhana-2-noyabrda-kyrgyz-respublikasynyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy



Добавить комментарий