27 жылдан бери уктап жаткан аял ойгонду

24 апреля 2019 14:45 5418 Barometr
Поделиться в:
ok

Бириккен Араб эмирликтеринде 1991-жылы Мунира Абдулла 4 жаштагы баласы менен автокырсыкка кабылган. Алардын унаасы мектептин автобусу менен кагышкан. Аял баланы сактап калган бирок өзү мээсинен олуттуу жаракат алган.

Мунирдин адегенде жергиликтүү ооруканага, андан кийин Лондонго алып барып дарылашкан. Бирок аял кома абалында уйкуда жаткандай жатып эч кандай жылыш болгон эмес.

“Мен эч качан үмүтүмдү үзгөн эмесмин, бир күнү ал эсине келетдеп ишенчүмүн”,- деди журналисттерге анын уулу Омар Вебер.

2017-жылы ханзаада Абу-Даби Мухаммед бен Заид аялдын тарыхын угуп, аны дарылаш үчүн Германиядагы клиникалардын бирине акча төлөп берген.

2018-жылы  июнь айында аял күтүүсүздөн эсине келип ар кандай добуштарды чыгара баштаган.Үч күндөн кийин аял уулун атын атап чакырган. 27 жыл бою төшөктө жаткан аял акырындап так сүйлөп, Куран аяттарынан дуба окуган.Учурда анын абалы кыйла жакшырды.Өзүнүн өлкөсүнө дарыланууга которулду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/27-zhyldan-beri-uktap-zhatkan-ayal-ojgondu



Добавить комментарий