25-майдан тарта Бишкекте коомдук транспорт иштеп баштайт
Поделиться в:
Бишкек шаарында 25-майдан тарта коомдук транспорт иштей баштарын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында айтты.
“25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаа: автобустар жана троллейбустар, иштей баштайт. Аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү”, - деди ал.
Эске салсак, коронавирус илдетинен улам Бишкек шаарында санитардык-карантиндик нормалардын талаптары боюнча коомдук транспорттордун иштөөсүнө тыюу салынган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/25-majdan-tarta-bishkekte-koomduk-transport-ishtep-bashtajt
Добавить комментарий ×