Бүгүн таңда Ысык-Көлдө 5 балл, Нарында 3 балл болгон жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-апрель күнү саат 03:56да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында 5 балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында 4 балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында 3 балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, бүгүн, 25-апрелде таңда Ош облусунда дагы күчү 5 баллга жеткен жер титиреген болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/25-aprel-kn-saat-0356da-ysyk-kld-da-zher-titir-bolup-tkn
Добавить комментарий ×