“24 саатка жоголуп кетүү”. Соцтармактарда өспүрүмдөрдүн коркунучтуу оюну таралууда
Социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн “24 саатка жоголуп кетүү” деп аталган жаңы коркунучтуу оюн пайда болду. Бул тууралуу ERR басылмасы кабарлады.
Оюндун маанисине ылайык, өспүрүм 24 саатка үйүнөн кетип жана эч ким таба албагандай болуп жашынып калуусу керек. Ал мындай инструкцияны социалдык түйүндөгү оюндун администраторунан алат.
Мыйзам боюнча жоголгон баланы үч сааттан кийин издей башташ керек, бул оюндан улам ата-энелер менен полицияга көп түйшүк жаралууда.
Эстонияда мындай бир нече учур катталды, ошондой эле Европанын башка өлкөлөрүнөн дагы буга окшогон окуялар каттоого алынып жатат. Эстониянын Ида-Харьюский районундагы патрулдук полиция бөлүмүнүн башчысы, майор Юхан Евонен мамлекет тарабынан жоголгон балдарды табууга канча күч-аракет кетип жатканын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/24-saatka-zhogolup-ket-soctarmaktarda-sprmdrdn-korkunuchtuu-oyunu-taraluuda
Добавить комментарий ×