24-апрель: жаан-чачын катуу жаашы ыктымал

24 апреля 2019 08:05 1005 Barometr
Поделиться в:
ok

24-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 11...16,

Нарын аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 13…18,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3...8 градус болот.

24-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10, күндүзгү жогорку температурасы 15…17 градус болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/24-aprel-zhaan-chachyn-katuu-zhaashy-yktymal



Добавить комментарий