23 жаштагы жигит чындап эле Нарындын мэри болуп дайындалдыбы?

18 мая 2019 09:00 16566 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда 23 жаштагы жигит Нарындын мэри болуп дайындалганы тууралуу дагы бир жалган маалымат коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Кечээ telegra.ph сайтына Нарын шаардык кеңеши жаш активист Солтобек Эркинди шаар мэри кызматына дайындаганы тууралуу маалымат чыккан. Соцтармактардын колдонуучулары бул кабарды таратып, ал тургай айрым маалымат каражаттары жарыялаганга жетишкен.

Бул жалган маалымат тууралуу Солтобек Эркин өзү билдирүү жасады. Дайындоо боюнча кабар мынчалык тез тарарын, коомчулук тез реакция берерин күтпөгөнүн айткан жигит окурмандардан кечирим сурады.

Солтобек Эркин Ак калпак күнүдө ири улуттук баш кийим чыгарып, аны Гиннесс рекорддор китебине киргизүүгө аракет кылган топтун катарында болгон.

Учурда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов болуп саналат.

Ссылка: https://barometr.kg/23-zhashtagy-zhigit-chyndap-ele-naryndyn-meri-bolup-dajyndaldyby



Добавить комментарий