23-январга карата аба ырайы

22 января 2020 19:41 741 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча 23-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ал эми Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

23-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Ссылка: https://barometr.kg/23-yanvarga-karata-aba-yrajy



Добавить комментарий