22-июнда Кыргызстанда жаан-чачын, Бишкекте күн ачык болот
22-июнда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан жаабайт.
Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +24… +39°;
Талас облусунда +22… +27°;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +31… +36°;
Ысык-Көл облусунда +19… +24°;
Нарын облусунда +18… +23°;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +26… +28° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/22-iyunda-kyrgyzstanda-zhaan-chachyn-bishkekte-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×