212 орун жана 8 операциялык бөлүм болот. Балдар ооруканасынын жаңы корпусу 2025-жылы бүтөт

17 марта 2023 14:29 722 Barometr
Поделиться в:
ok

Балдар ооруканасынын жаңы хирургиялык корпусунун курулушу план боюнча жүрүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Бишкектеги тез жардам ооруканасы балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 2022-жылдын сентябрь айында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда шаардык балдар клиникасынын жаңы имаратына капсула салынган.   

“Бүгүнкү күндө В, С блоктордун пайдубалын бетондоо иштери аяктады. В блогунда пайдубалын куюуу иштери жүрүп жатат. Курулуш мөөнөтү келишим боюнча 3 жыл, алдын ала маалыматтар боюнча объект 2025-жылы пайдаланууга берилет”, -деп айтылат маалыматта.    

Эскерте кетсек, төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд Арабиянын өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланууда.      

Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.      

Имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, жаңы төрөлгөн балдардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрү, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок да болот.      

Ссылка: https://barometr.kg/212-orun-zhana-8-operaciyalyk-blm-bolot-baldar-oorukanasynyn-zhay-hirurgiyalyk-korpusu-2025-zhyly-pajdaluuna-berilet



Добавить комментарий