21 жаштагы кыз жүрүп бара жаткан унаада таксистке кол салды
Поделиться в:
Россиянын Ханты-Мантийский автономиялык округунда 21 жаштагы Екатерина Ризоева аттуу жүргүнчү кыз жүрүп бараткан унаада таксинин айдоочусуна кол салды. Бул тууралуу “Life Новости” булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
Окуя унаанын салонунда тартылып алынган.
Кадрдан кыздын өзүн адекваттуу эмес алып жүргөнүн көрүүгө болот. Ал таксистти урушуп, чатак салып, бетин тытмалаган.
Бул видео жергиликтүү пабликтерде вирустуу болуп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/21-zhashtagy-zhrgnch-ayal-zhrp-bara-zhatkan-unaada-taksistke-kol-saldy
Добавить комментарий ×