2021-жылы саякаттоо үчүн эң кооптуу 10 өлкө

10 мая 2021 17:10 707 Barometr
Поделиться в:
ok

International SOS медициналык жана туризм уюму 2021-жылы саякаттоо үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн картасын жаңылады. Бул тууралуу уюмдун сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Такталган маалыматтар боюнча, эң кооптуу өлкөлөр - Ливия, Сирия жана Афганистан.

Маалыматта, туристтерге Мали, Сомали, Түштүк Судан, Борбордук Африка Республикасы, Египет, ошондой эле, Нигерия, Конго, Пакистан жана Ирактын айрым жерлерине барбоо сунушталат. Бул тизмеге Украина дагы киргизилген.

“Баалоо биринчи кезекте саясий кырдаалды, социалдык толкундоолорду, ошондой эле зордук-зомбулук кылмыштарынын жана майда бейбаштык учурларын эске алуу менен берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/2021-zhyly-sayakattoo-chn-e-kooptuu-10-lk



Добавить комментарий