Россияда балдардын каза болуусу өсүп жатат. 2020-жылы жай мезгилинде 885 бала каза болгон
21-октябрда “Коопсуз балалык: Жайкы ден-соолук кампаниясынын жыйынтыктары, көйгөйлөрү жана чечимдери” деп аталган конференцияда Россиянын президентине караштуу балдардын укуктары боюнча Акыйкатчысы Анна Кузнецова Россияда өткөн жайда 885 бала каза болгонун жарыялады. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берип "Барометр" билдирет.
«Каза болуулардын бир тобу, сууга чөгүүнүн, өрттүн, уулануунун, терезелерден кулоонун, электр тогуна урунуудан, жол кырсыгынын кесепетинен, ошондой эле оюн аянтчаларында жана спорттук аянтчаларда болгон кокустуктан 885 бала каза болду ", - деп билдирди Кузнецова
Ал өткөн жылы 529 бала каза болгонун белгиледи.
«Биз балдарды инфекциялардан коргой алдык. Биздин балдар чөгүп кетип, күйүп кетип, электр тогуна урунуудан каза болуп жатышат.Бул тууралуу биз көп жолу сүйлөшкөнбүз, бирок коопсуздук чаралары талаптагыдай натыйжалуу сакталбай жатат», - деп кошумчалады Кузнецова.
Август айынын ортосунда Кузнецова биринчи жарым жылдыкта өлкөдө 640тан ашуун бала терезеден кулап түшкөнүн билдирген.
Өткөн жылы Кузнецова Ички иштер министрлигинен балдардын көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринен кулап түшкөн учурлары боюнча статистиканы жүргүзүүнү суранды, анткени мындай маалыматтарды аймактардагы балдар акыйкатчылары гана чогултушат.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyly-zhaj-mezgilinde-rossiyada-885-bala-kaza-bolgon
Добавить комментарий ×