2020-жылдын эң берешен миллиардери ким болду?
Америкалык миллиардер инвестор жана Berkshire Hathaway компаниясынын башкы директору Уоррен Баффет АКШдагы эң берешен меценаттардын тизмесинде алдыңкы орунду ээледи. Бул тууралуу Head Topicsке шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Рейтингди түзүүдө журнал эң бай адамдардын өмүр бою кайрымдуулукка жумшаган каражаттарынын жалпы суммасын эсептегени маалымдалды. Forbesтин маалыматына ылайык кайрымдуулуктун суммасы 2020-жылга карата эсептелген.
Уоррен Баффет - 42,8 миллиард доллар
Журналдын баамында, америкалык ишкер ушуга чейин 42,8 миллиард долларды кайрымдуулукка жумшаган. Баффет биринчи кезекте саламаттыкты сактоо жана жакырчылыкты жоюуга жардам берет. 2010-жылы ишкер өзүнүн байлыгын беш кайрымдуулук фондуна өткөрүп бергенин жарыялаган, баарынан мурда ал каражатынын көбүн Билл жана Мелинда Гейтстин фондусуна берүүнү чечкен.
Билл жана Мелинда Гейтс - 29,8 миллиард доллар
Бул жолу 2013 жана 2012-жылдары кайрымдуулук чарттарынын башында турган Билл жана Мелинда Гейтс экинчи орунду ээлешти. 2014-жылы алардын фонду полиомиелит, безгек, кургак учук, ВИЧ жана СПИД менен күрөшүүгө 1,3 миллиард доллар убада кылган. 120,7 миллиард долларлык байлыгы менен, алар жалпы 29,8 миллиард долларды кайрымдуулукка беришти.
Джордж Сорос - 16,8 миллиард доллар
Джордж Сорос Америка Кошмо Штаттарынын эң берешен кайрымдуу адамдарынын алдыңкы үчтүгүнүн катарында турат. Forbes журналынын айтымында, анын байлыгы 8,6 миллиард долларды түзөт, ал бүткүл өмүрүндө 16,8 миллиард долларды кайрымдуулукка жумшаган. Миллиардер Ачык Коом Фондусу аркылуу адам укуктарын илгерилетүү жана маалымат эркиндигин коргоо боюнча долбоорлорду каржылайт.
Майкл Блумберг - 11,1 миллиард доллар
Төртүнчү орунда Нью-Йорктун мурдагы мэри Майкл Блумберг турат, анын байлыгы журналдын эсеби боюнча 54,9 миллиард доллар, ал эми кайрымдуулук каражаттарынын жалпы суммасы - 11,1 миллиард долларды түзөт.
2020-жылы АКШдагы эң берешен он меценат 127 миллиард доллардан ашык сумманы кайрымдуулукка жумшады. Жоомарт америкалык миллиардерлердин тизмесине Амазондун негиздөөчүсү Джефф Безостун мурунку аялы Маккензи Скотт (5,83 миллиард доллардан ашык акча кайрымдуулукка жумшап, бешинчи орун), ошондой эле Facebookтун башчысы Марк Цукерберг жана анын жубайы Присцилла Чан (2,7 миллиард доллар, кайрымдуулукка которуп онунчу орун) кирди.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-e-bereshen-milliarderi-kim-boldu
Добавить комментарий ×