Аймактарда 5 -10-июнда сел жүрүү коркунучу бар

5 июня 2020 16:44 1483 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда  5 -10-июнда туруксуз аба ырайына жана  күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу  республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

5-июнда күндүз, 6-7-июндарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июндарда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 5-6-июндарда айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. 


Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-5-iyununan-10-iyununa-chejin-abanyn-temperaturasy-tmndjt



Добавить комментарий