Бир суткада Кыргызстан боюнча 115 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузган
4-майга карата өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 115 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 10 унаа киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 91, Ош шаары -13, Жалал-Абад шаары-3, Ат-Башы району-8.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4280 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 346 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-4-majga-karata-115-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×