Бир суткада коменданттык сааттын талаптарын 80 киши бузуп, 6 автоунаа айып короого токтотулган

27 апреля 2020 09:27 952 Barometr
Поделиться в:
ok

27-апрелге карата өлкө аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде анын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 80 жаран жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 66, Ош шаары -1, Жалал-Абад шаары-5, Сузак району-2, Нарын шаары-4, Ат-Башы району-2.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-27-apreline-karata-80-zharan-zhetkirildi



Добавить комментарий