Бир суткада коменданттык сааттын талабын 80 киши бузду
25-апрелге карата Кыргызстандын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде анын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 80 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинен:
Бишкек шаары боюнча – 52,
Ош шаары боюнча-5,
Ат-Башы району боюнча -5,
Сузак району боюнча-21,
Ал эми, Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3441 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-25-apreline-karata-komendanttyk-saattyn-ichindegi-tartip-buzuular
Добавить комментарий ×