Бир суткада коменданттык сааттын талаптарын Бишкек шаарында эң көп бузушту

2 мая 2020 09:23 922 Barometr
Поделиться в:
ok

2-майга карата өлкө аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 142 жаран жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 121, Ош шаары -15, Жалал-Абад шаары-5, Ат-Башы району-1.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4055 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. 

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 336 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-2-majga-karata-142-zharan-erezhe-buzgan



Добавить комментарий