2020-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унааларга айыппул салынбайт

30 декабрь 2019 18:47 5319 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланган жарандарга айыппул салынбайт

Өкмөт жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойт. Айрым унаа ээлеринин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-1-yanvarynan-tarta-o-rulduu-unaalardy-kommerciyalyk-maksatta-pajdalangan-zharandarga-ajyppul-salynbajt



Добавить комментарий