Мамлекеттен жөлөкпул алгандардын жалпы саны 563,6 миң адамды түздү

27 январь 2020 11:36 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулду жалпы алуучулардын саны 563,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Анын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 308,7 миң  адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 93,1 миң адамды түздү. Ал эми бала төрөлгөндө бир жолку берилүүчү «балага сүйүнчү» жөлөкпулун 161,8 миң адам алды. 

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 871,2  сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3 029,9 сомду түздү. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 7530,5 млн.сом (өсүш - 15,4%) акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө 2930,9 млн.сом, АҮСЖ - 471,3 млн.сом, социалдык жөлөкпулду – 3478,0 млн.сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу - 650,3 млн.сом каржыланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-1-yanvaryna-karata-mamlekettik-zhlkpuldu-zhalpy-aluuchulardyn-sany-5636-mi-adamdy-tzd



Добавить комментарий