ӨКМ 1,3 млн чарчы метрден ашык жерди дезинфекциялады

2 апрель 2020 13:19 921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 1-апрель күнү өлкө боюнча 1 млн 387 000 м2 аймак дезинфекцияланды; Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары министрлик тарабанын бир катар иштер аткарылды.

-ӨКМ тарабынан 12 000 ашуун орундук даярдалган;  

- Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган;   

- Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;    

- 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде  коронавирус боюнча 1004  чалуулар түшүп, нөөмөтчүлөр келип түшкөн бардык суроолорго жооп беришүүдө. Өткөн суткада жалпы 10 236 чалуулар түшкөн, басымдуулугу максатсыз чалуулар;  

- ӨКМ тарабынан 179 куткаруучу жана 16 унаа тартылган.  

 -КР ӨКМдин өлкө аймагында корона вирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында иш алып барып жаткан кызматкерлерине медициналык көп жолку кийүүчү 500 даана жеке коргонуу кийим, 1030 даана көп жолку колдонуучу бет кап таратылды.   

- ӨКМ тарабынан 100 тонна ун Ош шаарынан Ноокат районуна, 60 тонна ун Жалал-Абад шаарынан Ала-Бука районуна жеткирилген.  

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-1-aprel-kn-lk-boyuncha-1-mln-387-000-m2-ajmak-dezinfekciyalandy



Добавить комментарий