2019-жылы Чүй жана Талас облусттарына 25 миңдей акылдуу эсептегичтер орнотулат

28 января 2019 10:15 1428 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

«Северэлектро» ААКы Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына  2019-жылы 25 миң “акылдуу” эсептегич орнотот. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта жазылгандай, 2019-жылдын аягына чейин «Северэлектро» ишканасы Чүй жана Талас облустарына 25 миң 492 эсептегичтин көрсөтмөсүн аралыктан ала турган автоматташтырылган эсептегичтерди орнотот. 2019-2020-жылдары электр энергияны эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы менен бардык “Северэлектронун” жогорку чыңалуудагы 35/6-10 кВ көмөкчордондорун камсыздоо мерчемделүүдө. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын балансын алуу үчүн 1049 автоматташтырылган системага ээ эсептегич орнотулган.

Акылдуу эсептегичтерди орнотууда берилип жаткан энергиянын сапатын жакшыртаарын мекеме маалымдады. Алардын билдиришинче мурда 3 фазалуу абоненттер электр энергиясын тиешелүү чектен ашык колдонуп келсе, азыр “акылдуу” эсептегич андайга жол бербейт. Эсептегич автоматтык түрдө керектөөчү чектен ашканда өчүп калат. Андан тышкары абоненттерди аралыктан эле өчүрүп кайра күйгүзө алат.

Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyly-chj-zhana-talas-oblusttaryna-25-midej-akylduu-eseptegichter-ornotulat



Добавить комментарий