2019-жылы 103,9 млрд. сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлдү

4 февраля 2020 12:10 548 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылы 103,9 млрд. сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын январь-декабрь айларында 103,9 млрд. сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 102,5% түзгөн.  

2019-жылы бардык категориядагы чарбалык субъекттер 413,5 миң тонна эт өндүргөн, бул өткөн жылга караганда 2,5% көп (2018-жылы – 2,1%).  

Республикада эт өндүрүүнүн көбөйүүсү малдын жана үй канаттууларынын өсүшүнө байланыштуу. Ири мүйүздүү мал өткөн жылга караганда 51 862 башка көбөйүп, кой-эчки - 90 174 баш, жылкы - 17 355 жана үй канаттуулары 99 279 башка жеткен. 

2019-жылдын январь-декабрында республикада 1 627,8 миң тонна сүт өндүрүлгөн, бул өткөн жылга караганда 2,4% көп.Өткөн жылы уйдун башы 22 800 башка көбөйгөн. 

Андан сырткары өлкө боюнча былтыр 561 288 миң даана жумуртка өндүрүлгөн, бул 2018-жылга караганда (өткөн жылдын деңгээлине карата 105,3%) 28 046 миң даанага көп. Мындан тышкары 12 943,3 тонна жүн өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын деңгээлине караганда 101,1% түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyly-1039-mlrd-som-summasyna-mal-charba-produkciyasy-ndrld



Добавить комментарий