Шашылыш билдирүү! Эртең Кыргызстанда кар жаашы күтүлөт

19 ноябрь 2019 11:43 1521 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда 2019-жылдын 20-ноябрынан 24-ноябрына чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

20-ноябрда эртең менен, күндүз жана 21-24-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

21-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°,  күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт. 

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону ошондой эле катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет. 

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 18-ноябрь  күнү телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.  

Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyldyn-20-noyabrynan-24-noyabryna-chejin-turuksuz-aba-yrajy-ktlt



Добавить комментарий