Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, Ош-Баткен-Исфана жолу ачык

16 сентября 2019 11:17 2060 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү 2019-жылдын 16-сентябрына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде туруктуу деп мүнөздөлөөрүн маалымдайт.

Ош-Баткен-Исфана унаажолу транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ачык. 

Кыргыз тарап Кок-Таш – Аксай жолун асфальттоо иштерин улантууда, Баткен районунун Аксай айылынын Дача жергесинде КР МЧК чек ара постун куруп жатат.

Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашылбаган иштерди жүргүзүүн улантууда.

Чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн КР МЧКнын тарамдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде мамлекекттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү.

КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары  - Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара тарамдарынын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо. 

        

Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyldyn-16-sentyabryna-karata-kyrgyz-tazhik-mamlekettik-chek-ara-tilkesinde-turuktuu-dep-mnzdlrn-maalymdajt



Добавить комментарий