Социалдык өнүгүү министрлиги жөлөкпул дайындоодо маалыматтарды электрондук түрдө ала баштады

20 января 2020 15:28 938 Barometr
Поделиться в:
ok

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев министрликтин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.  

Анда министрликтин 2019-жыл аралыгында аткарган иш-чаралары тууралуу кенен маалымат берилди. 

Статс-катчынын айтымында, өткөн жылы санариптешүү боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Министрлик “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна 100% кошулду. 

Жөлөкпулду дайындоо тууралуу маселелерди карап чыгууда арыз ээси жөнүндө керек болгон маалыматтар тиешелүү мамалекеттик органдардан электрондук форматта суралат. Учурда мамлекеттик жөлөкпулду дайындоодо 8 электрондук маалымкатты ала баштадык. Жумушсуздук боюнча база санариптештирилип, “Занятость” веб-порталы ишке киргизилди. Министрликтин расмий сайтына жайгаштырылган электрондук онлайн калькулятордун жардамы менен жарандар мамлекеттик социалдык төлөмдөргө укуктуу экендигин өз алдынча аныктай алышат”, - дейт Каныбек Адиев. 

2019-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө “жеке ассистенттин” жаңы социалдык кызматы киргизилди. Жеке ассистенттин кызматтары 18 жашка чейинки дайыма бирөөнүн кароосуна муктаж майып балдарга каралган. Учурда жеке ассистент болуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери катталган, аларга Министрлик ай сайын 4900 сом айлык акы төлөп берүүдө.  

Ошондой эле, камсыздандыруу төгүмү министрлик тарабынан аткарылат. Муну менен Министрлик, өмүр бою ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерди келечекте пенсия менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түздү. 

2019-жылы “Балага сүйүнчү” бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү төлөмдүн жол-жобосу жеңилдетилди. Эми жарандар “балага сүйүнчүнү” эки күн аралыгында алууда. Ал эми 2019-жылдын 1-декабрынан тарта үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлгөн учурларда “балага сүйүнчү” 50 000 сом өлчөмүндө ар бир балага берилүүдө. 

Мындан тышкары, Каныбек Адиев министрликтин бюджети, калк менен иш алып баруу жана антикоррупциялык иш-чараларга токтолду. Мунун алкагында министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө Коомдук кеңеш комитеттери түзүлгөн. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнү накталай эмес формага этап-этап менен өткөрүү уланууда. Жөлөкпулдарды дайындоодо коорупциялык схемаларга бөгөт коюу максатында 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж болгон жарандарга “Үй бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ай сайын алуучулардын тизмеси министрликтин расмий сайтына жайгаштыруулууда.  Коомдук кеңештин мүчөлөрү дагы министрликтин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир топ сунуштарын айтышты. Өз кезегинде статс-катчы, пикирлер жана сунуштар эксе алынаарын белгиледи. 

Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyldyn-1-yanvarynan-tartyp-lkd-zheke-assistenttin-zhay-socialdyk-kyzmaty-kirgizildi



Добавить комментарий