2019-жылдын 1-январынан баштап ИИМде жаңы кодекстер күчүнө кирет

21 декабря 2018 20:50 2444 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 1-январынан баштап ички иштер министрлигининде жаңы кодекстер күчүнө кирет. Буга байланыштуу, донорлордун эсебинен 2800 кодекс даярдалып, ИИОнун кызматкерлерине берилген. Мындай маалыматты бүгүн ИИМдин орун басары Курсан Асанов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында Бузуулардын бирдиктүү реестринин  бет ачарында сөз сүйлөп жатып айтты. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө, факты түрүндө жалпы республикалык ИИОнун кызматкерлери жаңы кодекстер боюнча окуудан өтүшүп, зачеттерду тапшырышкан. Бузууларды каттоонун электрондук тутуму иштин ачык-айкындуулугун камсыздап, бүтүндөй мамлекеттик башкаруунун тутумундагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтөөрүн белгиледи.

Курсан Асановдун билдирүүсү боюнча  бүгүнкү күнү Ички иштер министрлиги Бузуулардын бирдиктүү реестри, маалыматтарды топтоо жана аларды киргизүү  боюнча иш-чараларга окуткан презентациялар жүргүзүлүп жатат.

Ички иштер министрлигине 2019-жылдын 1-январында  күчүнө кире турган жаңы кодекстерди натыйжалуу ишке ашыруусуна Өкмөт тарабынан  84 млн. 274 миң 326 сом бөлүнгөн. Жалпысынан 8 тендер өткөрүлгөн. Жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө, тергөө бөлмөлөрүн жабдылоо үчүн - 618 компьютер, 618 МФУ жана 386 видео камера штативи менен алынып жана орнотулган. Ошондой эле 137 компьютер жана бир кубаттуу сервер алынган, алар бузуулардын бирдиктүү реестринин иштөөсү үчүн жалпы компьютерлерге орнотулгандыгын белгилешти. 

Иш-чарага Бишкек ШИИББдин башчысы С. Рахманов жана Свердлов, Октябрь, Ленин, Биринчи май ички иштер башкармалыктарынын башчылары, милициянын ардагерлери, Бишкек шаарынын вице мэрлери, Свердлов, Октябрь, Ленин, Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясынын акимдери, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Транспорт министрлигинен, Мамэкотехинспекциясынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана ушул бирдиктүү реестрге тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.


Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyldyn-1-yanvarynan-bashtap-ichki-ishter-ministrligininde-zhay-kodekster-kchn-kiret



Добавить комментарий