2018-жылы ар кандай кылмыш жасап, 83 милиция кызматкери жоопкерчиликке тартылган
Ички иштер министрлиги коомчулуктан жашырган бир дагы факты жок. Тилекке каршы, 2018-жылы милиция кызматкерлерине карата 67 кылмыш иши козголуп, 83 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылып камалган. 2018-жылы жалпысынан мыйзамдуулукту жана тартипти бузган 5811 кызматкер аныкталып, жаза алышкан. Алардын ичинен 155 кызматкер ИИОдон айдалып, ээлеген кызматынан 263 кызматкер бошотулган. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
"Акыркы убактарда ЖМКнын беттеринде кылмыш иштерде фигурант катары жүргөн милиция кызматкерлери боюнча бир катар маалыматтар чыккандыгына байланыштуу, биз дагы бир жолу Ички иштер министрлигинин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен кызматташуусунун негизги принциби болуп ачык-айкындуулук эсептелинээрин билдиргибиз келди. Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди тапшырган. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары баңги кылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле ИИОнун кызматкерлеринин бөлүмдөрүндө кызматтык тартипти бекемдөө талап кылынган.Ал эми опузалаган, мас абалында жол-транспорттук кырсыкка кабылган, оор кылмыштарды жасаган милиция кызматкерлерине карата министрлик өтө катуу чараларды көрүү позициясын кармайт. Бизде кылган ишине жеке жоопкерчилик алуу-бардыгына бирдей иштейт. Ким кылмыш жасап же укук бузса Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жаза алат. Биз ар дайым өздүк курамда мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоонун үстүндө иштейбиз жана терс көрүнүштөр боюнча коомчулуктан жашырууну көздөбөйбүз"-деп жазылган маалыматта.
Милиция кызматкерлерине бүгүнкү күнү коомчулуктун талабы чоң. Ички иштер министрлигинде кылмыштарды жасап жана ага жоопкерчилик тартпай, байкалбай калам деген учурда мүмкүн болбой калган. Анткени бул багытта катуу иштер жүргүзүлүп жатат деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Ошондой эле, ИИОнун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ишин жакшыртуу, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн кызматтык тартибин бекемдөө, мамлекеттик тутумдагы укук бузууларды алдын алууну жакшыртуу, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминалдык абалды оңдоо, андан сырткары өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен ички иштер органдарынын кадыр баркына доо кетирген абийирсиз кызматкерлерден тазалоону улантылып жаткандыгын билдиришти.
Добавить комментарий ×