2018-жылдын сегиз айында 36 эне өлүмү катталган

21 сентябрь 2018 13:20 1102 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын сегиз айында 36 эне өлүмү катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу көп. 2017-жылы бул көрсөткүч 34 учурду түзгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өткөргөн кеңешмеде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Жыйында энелердин жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү каралды.

Каратаев билдиргендей, кош бойлуулардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири – адистерге убагында каттоого турбагандык, кош бойлуулардын гипертензивдик абалы, кансыроо, кандын бузулушу, дарыгерлердин катасы, оор акушердик кошумча ооруларда ар тараптуу квалификациялык жардам көрсөтүү үчүн тиешелүү жабдуулардын жоктугу болууда.

Алтынай Өмүрбекова репродуктивдик саламаттыкка кам көрүү, кош бойлуулук боюнча өз убагында каттоого туруу, текшерүүлөрдөн өтүү зарылдыгы тууралуу маалымдоо боюнча активдүү санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү зарыл.

«Жаңы төрөгөн аялдардын жана ымыркайлардын ден соолугуна байланыштуу ар бир учур тыкыр каралышы керек. Биз эне-бала өлүмүн кыскартуу жана келечекте жоюу үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Энелердин жана балдардын өлүмү – ар бир өлкөнүн саламаттык сактоо абалынын маанилүү көрсөткүчү. Бул маселеге карата мамлекеттин мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл», – деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ырастагандай, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, ошондой эле бейтапканалардын деңгээлинде кош бойлуулардын ден соолугунун абалынын скрининги тутумун өнүктүрүү, кош бойлууларга, төрөгөн аялдарга интенсивдүү жана реанимациялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу маанилүү.

«Акушер-гинекологдордун, төрөт үйлөрүнүн акушерлеринин жана башка адистердин квалификациясын жакшыртуу, калктын санитардык маданиятын жогорулатуу, үй-бүлөнү пландаштыруу маданиятын түзүү, төрөткө чейинки жана кийинки социалдык патронажды өнүктүрүү зарыл», – деди вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова саламаттыкты сактоо министрлигине энелердин өлүмүн азайтуу боюнча чаралардын комплекстүү тутумун, анын ичинде: саламаттык сактоо тутумунун бардык деңгээлиндеги дарыгерлер үчүн нускама-усулдук сунуштамаларды иштеп чыгууну, ошондой эле республика боюнча онлайн режиминде «төрөт журналы» автоматташтырылган тутумун киргизүүнү тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/2018-zhyldyn-segiz-ajynda-36-ene-lm-kattalgan



Добавить комментарий