2018-жылдагы бюджетти толтура албаган Бажы жана Салык кызматтарынын башчылары кызматынан кетирилген

7 октября 2019 14:49 2237 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик Бажы жана Салык кызматтарынын башчылары 2018-жылдагы бюджетти толтура албагына үчүн кызматынан кетирилген. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Замирбек Аскаров бүгүн Жогорку Кеңештин финансы жана бюджет комитетинин жыйынында айтты.

Комитет бүгүн 2018-жылдагы бюджеттин аткарылышын карады. 

Депутат Зиядин Жамалдинов казынаны толтура албай калган мамекеттик мекемелерге, жетекчилерине карата кандай чаралар көрүлөрүнө кызыкты. Буга жооп кылып вице-премьер бул эки мекеменин жетекчилери кызматынан алынып, бир катар кызматкерлерге сөгүш берилип, ротация жүргүзүлгөнүн айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/2018-zhyldagy-byudzhetti-toltura-albagan-bazhy-zhana-salyk-kyzmattarynyn-bashchylary-kyzmatynan-ketirilgen



Добавить комментарий