2010-жылдагы июнь окуясында жоголгон ок атуучу куралдар кайтарылды (Сүрөт)

1 июля 2020 09:54 526 Barometr
Поделиться в:
ok

2010-жылдагы июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал жана ок дарылар кайтарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

2020-жылдын 20-июнь күнү Ош облустук ИИБдин милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылын тургуну 1985 ж.т. К.А.нын үйүнүн мал сарайынан  АКС-74, АКС-74У жана АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарына таандык болгон 2 даана кутуча жана 5.45 мм калибрдеги  51 даана ок дарылары табылып, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынган.

Бул курал жарак боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында 2010-жылы июнь айындагы окуялар учурунда белгисиз жарандар тарабынан КРнын Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлеринен тартылып алынган курал жарактарды кайтарып алууга багытталган ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө, Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну «А» аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү ок дарыларды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Ошол эле күнү Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну 1976 ж.т. Т.Ж. 1979-жылы өндүрүштөн чыгарылган  АК-74 үлгүсүндөгү  ок атуучу куралды 2 даана магазинин өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

Бул фактылар КРнын ЖКнин 253-бер. негизинде Кара-Суу РИИБнин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алынган курал жарактар кайсы аскердик бөлүккө таандык экендиги такталууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/2010-zhydagy-iyun-okuyasynda-zhogolgon-ok-atuuchu-kuraldar-kajtaryldy-srt



Добавить комментарий