20 жыл жерде жаткан нике шакеги ээсине кайтты
Металлодетектор менен кенч издеген киши Англиянын Саффолк графтыгындагы Окколд айылынан 20 жыл бою жерде жаткан нике шакекти таап, ээсине кайтарды.
UPI басылмасынын жазышынча, 50 жаштагы Тайрон Холман Черч-Фарм аймагынан металлодетектор менен кенч издеп, жерде 20 жыл боюнча жаткан “Сүйүүм менен, Кристиана” деген жазуусу бар нике шакекти таап алган.
Холман шакекти аталган жердин ээси Крис Халлга берген. Ал бул шакек анын мурдагы кошуналарына таандык болушу ыктымалдыгын айтып, алар менен байланышкан.
Көрсө 72 жашташы Кристиана Хьюитсон менен 75 жаштагы күйөсү Жон менен 1967-жылы 9-сентябрда баш кошуп, анын урматына ал жолдошуна өзүнүн аты жазылган шакекти белек кылган. Бирок Жон аны 2000-жылы жоготуп жиберген.
Ошентип 20 жыл бою жерде жаткан нике шакеги өз ээсин тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/20-zhyl-zherde-zhatkan-nike-shakegi-eesine-kajtty
Добавить комментарий ×