Чек арадан 20 тонна кургатылган жемиш кармалды

2 мая 2020 11:58 860 Barometr
Поделиться в:
ok

2-майда Баткен чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик чек ара арасынан контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылган КР жарандарын кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Кыргызстандын 1998-жылы туулган У.А., жана 1990-жылы туулган Ю.Х., аттуу жарандары Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук жерде өткөрүү жайынан сырткары жерден Тажикистандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан. 

Чек арачылар VOLVO FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын текшерүү учурунда 20 тонна кургатылган жемиш табылган. Ошол эле учурда айдоочуда жүккө тиешелүү болгон эч кандай коштомо документтери болгон эмес.  

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң жүк жана кармалган жарандар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/20-tonna-kurgatylgan-zhemish-chek-aradan-karmaldy



Добавить комментарий