20-март: тоолуу аймактарда жаандын аягы карга айланат

20 марта 2019 09:07 1020 Barometr
Поделиться в:
ok

20-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.  

Абанын температурасы:

Чүй областында түнкүсүн 2…7, күндүз +14…+19,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз +14…+19,

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ошто түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкекте жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Ссылка: https://barometr.kg/20-mart-tooluu-ajmaktarda-zhaandyn-ayagy-karga-ajlanat



Добавить комментарий