2 миң доллар пара алып жатканда "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы кармалды

3 сентября 2020 17:58 863 Barometr
Поделиться в:
ok

Пара алып жаткан жеринен Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун жардамчысы кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

КР УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан "Унаа" мамлекеттик ишканасынын эмгек келишимдеринин шарттарын тоскоолдуксуз узартуу шылтоосу менен аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен акча өндүрүү максатында коррупциялык схеманы уюштурган кызматкерлери аныкталды.

2020-жылдын 3-сентябрында 2000 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, "Унаа" компаниясынын директорунун жардамчысы, кеңседе кармалды. 

Маалыматта, эмгек келишимдеринин шарттарын тоскоолдуксуз узартуу шылтоосу менен аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен акча алып жатканы айтылат.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ушул сыяктуу акча талап кылуу фактыларын аныктоо, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага «Унаа» МИнин башка кызматкерлеринин катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/2-mi-dollar-para-alyp-zhatkanda-unaa-mamlekettik-ishkanasynyn-direktorunun-zhardamchysy-karmaldy



Добавить комментарий