2 аэропортто жана 4 темир жол станциясында ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу пункттары иштей баштайт

9 сентября 2020 11:45 601 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик салык кызматы 2 эл аралык аэропортто жана 4 темир жол станциясында Кыргызстанга товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункттар иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Товарларды эсепке алуу пункттары "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда, "Кара-Балта" (Жайыл району), "Аламүдүн" (Аламүдүн району), "Кара-Суу” (Кара-Суу району), "Бишкек-1" (Бишкек шаары) темир жол станцияларында ачылат.

Ушуга байланыштуу, темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү импорттоочулар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү болот.

Ссылка: https://barometr.kg/2-aeroportto-zhana-4-temir-zhol-stanciyasynda-eaeb-alkagynda-tovarlardy-esepke-aluu-punkttary-ishtej-bashtajt



Добавить комментарий