2-3 адамдын интригасынан улам таза суу программасы үзгүлтүккө учураганы турат

18 октября 2018 12:05 1277 Barometr
Поделиться в:
ok

2-3 адамдын интригасынан улам таза суу программасы үзгүлтүккө учураганы турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева билдирди.

“Ала-Тоо булагы” калкты таза суу менен камсыздоо боюнча программа кирген. Анын алкагында республика боюнча 115 айыл таза суу менен камсыздалмак. Жалпы суммасы 71 млн АКШ доллары. “Эми ушундай жакшы программа АРИСтеги 2-3 адамдын интригасынан Ала-Тоо булагы” таза суу программасы улам үзгүлтүккө учураганы турат”,- деди депутат.

Рада Туманбаева Өкмөткө коңгуроо кагып, элди ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча буга чейинки программаларга каралган каражаттар дагы желип кеткендигин эске салды.

Ссылка: https://barometr.kg/2-3-adamdyn-intrigasynan-ulam-taza-suu-programmasy-zgltkk-uchuragany-turat



Добавить комментарий