19-июнда Кыргызстанда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
19-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +30… +35°;
Талас облусунда +29… +34°;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +31… +36°;
Ысык-Көл облусунда +19… +24°;
Нарын облусунда +16… +21°;
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +33… +35° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/19-iyunda-kyrgyzstanda-tkn-tp-kn-krkrjt
Добавить комментарий ×