Чек арадан 170 мүшөк колкап кармалды
Поделиться в:
ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 5100 килограмм жумушчу колкап Бажы кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалды.
Ага ылайык, “Нарын” бажысынын кызматкерлери “Торугарт” өткөрмө пунктунда Кытайдан келген жүк ташуучу автоунааны текшерген учурда бажылык декларациядан өткөрүлбөгөн 170 мүшөк, жалпы салмагы 5100 кг. болгон 102 000 даана жумушчу колкап табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/170-kap-kol-kap-karmaldy
Добавить комментарий ×