Түн ичинде 17 жаштагы кызды коркутуп, телефонун тартып алганга шектелген жаран кармалды
Бишкекте жаранды коркутуп телефонун тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, окуя 7-мартта болжол менен саат 01:30 чамасында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан аялдамалардын биринде болгон.
"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери келгенде 2004-жылы туулган Д.К. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 01:20 чамасында болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз Азият түспөлүндөгү жаран арыз ээсин коркутуп, ачык түрдө баасы 21 000 сом турган "Редми Нот-9" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Анын негизинде, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Добавить комментарий ×