17 жаштагы кызды ала качып, эки күндөн кийин көчөгө таштап кетишкен

16 июня 2021 16:35 14886 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 17 жаштагы кызды ала качып кетишен. Ал эки күндөн кийин жолдун боюнан табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ШИИБнин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка караганда, 3-июнда саат 02:30 чамасында Кара-Көл шаарынын 41 жаштагы тургуну А.А. милицияга кайрылып, 1-июньда 2004-жылы туулган кызы М.А. үйдөн чыгып кеткен бойдон жок экендигин айтып, таап берүүнү суранган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан М.А. өзүнүн инстаграм баракчасына: «Бирөө жарым мага жардам бергилечи, мени ала качышты. Телефонумду тартып алышты, эч кимге чала албай жатам. Апама айтып койгулачы. Сураныч. Мен азыр кайда экенимди билбейм. Келин болосуң деп айтып жатышат», — деп инстаграм баракчасынын статусуна жарыялагандыгын билгилүү болгон.

Аталган окуя боюнча Кара-Көл ШИИБне иш катталып Кыргыз Республикасынын ЖКнин 175-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жашы жетелек М.А. Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндөгү түндүк тарабынан жолдун четинде олтурган жеринен табылган. Жабырлануучуга карата атайын соттук-медициналык эспертиза дайындалып, азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында текшерүү иштери уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/17-zhashtagy-kyzdy-ala-kachyp-eki-kndn-kijin-kchg-tashtap-ketishken



Добавить комментарий