17-сентябрда “Түндүк электр” ишканасы Бишкектеги карызын төлөбөгөн 6 300 абоненттин жарыгын өчүрөт

16 сентября 2020 13:47 652 Barometr
Поделиться в:
ok

17-сентябрдан тарта , "Түндүкэлектр" ишканасы Бишкек шаарынындагы 6300 тиричилик абоненттерин өз убагында карызын төлөбөгөндүгү үчүн алыстан өчүрөт. Ыңгайсыздыктарга жол бербөө үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү алдын ала төлөөгө чакырат. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эскерте кетсек, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминалдар аркылуу төлөй алышат. "Quickpay", "Pay24", "UMAI", "KICB", "БТА Банк" төлөм терминалдарында, анын ичинде "UMAI", "Elsom" электрондук капчыктары, "Айыл Банктын" кассалары аркылуу электр энергиясына төлөмдөрдү төлөө жөнүндө маалымат, "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН", "Кыргызпочтасы" МИ "Түндүк электр" маалымат базасында заматта реалдуу убакыт режиминде пайда болот.

 Төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн шаар тургундарынын электр жарыгын ишкана аралыктан эле өчүрүп койот. "Акылдуу" эсептегичтери бар керектөөчүлөргө электр энергиясы толугу менен төлөнгөндөн кийин жана “Түндүк электр”  серверине сигнал келип түшкөндөн соң туташтырыла тургандыгын эскертти. Андан ары, серверден автоматташтырылган тутум, адамдын кийлигишүүсүз, абоненттик эсептөө приборун туташтыруу үчүн белги жөнөтөт

Ссылка: https://barometr.kg/17-sentyabrda-tndk-elektr-ishkanasy-bishkek-shaaryndagy-karyzyn-tlbgn-6-300-abonenttin-zharygyn-chrt



Добавить комментарий